ЖЫЛНААМА, 25-ИЮЛЬ: Мындан 37 жыл мурун советтик акын, ырчы жана актёр Владимир Высоцкий каза болгон

37 жыл мурун, 1980-жылы 25-июлда советтик акын, обондуу ырларды аткаруучу жана актёр Владимир Высоцкий 42 жашында каза болгон. Өмүр жолу оору, ичимдик, баңгизаттар менен коштолгону көп айтылган актёрдун өлүмү жөнүндө табышмактуу ой-жоромолдор азыркыга чейин айтылып жүрөт. Расмий түрдө ырчы уйкуда жүрөгү кармап өлгөн деп айтылган.

Владимир Высоцкий 1938-жылы 25-январда Москвада төрөлгөн. Ал таланттуу артист эле эмес, советтик режимдин ачык сынчыларынын бири болгон. Ошол режимден запкы көргөн бүтүндөй бир муундун сезимдерин күчтүү, кээде какшык менен жазылган ырлары аркылуу көрсөткөн. Кичинесинен эле музыка, театрга жакын Владимир Таганкадагы театрда өмүрүнүн аягына чейин иштеген жана ошол эле убакта бир нече тасмаларга тартылууга жетишкен. Алар: “Жолугуу ордун өзгөртүүгө болбойт”, “Кичинекей кайгылар”, “Интервенция”, “Түнт токойдун кожоюну” жана башкалар.

1985-жылы Михаил Горбачев бийликке келгенден көп өтпөй Высоцкийге көзү өткөндөн кийин Мамлекеттик сыйлык ыйгарылып, анын пластинкалары, ыр жыйнактары чыгарылган.

25-июлдун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан