АКШнын тургуну 34 килограммга арыктап, 1 миллион доллар утуп алды

Покер оюнчусу ашыкча салмагынын 34 килограммынан арылып, ири жеңишке жетишти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

36 жаштагы америкалык Уолтер Фишер мындан бир нече ай мурун покер ойноп 100 миң доллардан ашуун акчасын уттуруп, 112 килограммга чейин семирип кеткен.

"Казинолордун ресторандарынын баарында ашканасы даамдуу. Мен паста менен пармезанды көп жеп калгам", - дейт Фишер.

Ал жөн эле арыктабастан, акча табууну чечкен. Уолтер Фишер достору менен 1 миллион долларга мелдеше кеткен. Мелдешти утуу үчүн ал жарым жылда арыкташы керек болгон. Бир нече ай бою спорт менен машыгып, тамакты аз жегени өз жыйынтыгын берип, 34 килограммга арыктаган. Достору анын карыздарын эсепке алып, 600 миң доллар төлөп беришкен. Ал акча үчүн эмес, жээндерине үлгү болуу үчүн арыктаганын айткан Вести.ру басылмасына.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
pixduel1
2017-07-25 08:41:01
Молодец! Эрки кучтуу экен))
+9
Jigit.1982
2017-07-25 09:09:56
Эми 600 мин долларды алып кайра казиного кирип кетпейбикен. Кумар оюндарына конгондор кайра ойной берет болчу.
-1
medya123
2017-07-25 09:21:22
Биздеда бир байке достору менен 5000мин долларга мелдешип 2 айда 25 кг арыктап утуп алды. Спорт анан туура тамактанса эле баары болот.
-1
Begimkyz
2017-07-25 11:03:44
medya123,5000 мин доллар коп эмеспи?
+2
nur_zhoni
2017-07-25 13:43:15
medya123, 2айда 24кг арыктай албайт сенин байкен
0
TIMON_BERKOWITZ
2017-07-25 11:39:33
1млнго мен деле арыктамакмын отдуши.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан