Сауд Арабияда жашаган ливандык фотограф Омар Реда бактылуу кыргыздардын бир нече сүрөтүн тартып алып, фотографтардын форумуна жайгаштырган. Форумдан кыргыздардын сүрөттөрү басылмалар аркылуу дүйнө жүзүнө тарап жатат.
"Кыргыз - Орто Азиянын сырдуу бермети. Эгер силер өлкөнүн айыл аймактарын кыдырсаңар, пейзаждын кооздугу менен суктанасыңар. Microsoft Windows'тун башкы бетиндеги сүрөттөгүдөй жашыл тоолор бүт тараптан курчап турат", - деп жазган фотограф форумда.
Ал кыргыз элинин шайырдуулугун дал ушул кооздук менен байланыштырган.
"Кайда барбайын, көчмөндөрдүн катаал жашоосуна карабастан, мени жылмаюу менен тосуп алып жатышты. Жергиликтүү тургундардын дагы бир өзгөчөлүгү - күйүп турган көздөрү, мен алардын жүзүн караган сайын кызыктырып турду. Көздөрүнөн айыпсыздыкты жана жөнөкөйлүктү көрүүгө болот", - деген Реда.
Ал Кыргыз жерин сөзсүз түрдө көрө турган жер деп атаган.
"Бул жерде жылкылар жайкалган жашыл талаада чуркашат, силер музей менен мейманканаларда көргөн сүрөттөрдүн жандуу пейзажын көрөсүңөр. Өлкөдөн кетип жатып, кайра кайтып, өмүр бою ушул жакта жашагыңыз келет", - деген ал.