Улуу Британияда Чарли Гард аттуу 11 айлык оорулуу баланын жасалма дем алуу аппаратын өчүрүүгө ата-энеси макулдук беришти. Алар 24-июлда Лондондогу соттун имаратынын алдына расмий билдирүү жасашты.
Америкалык дарыгер баласын дарылай албай турганын айткандан кийин алар ушундай чечим кабыл алышканын билдиришкен. Оор күндөрдү башынан өткөрүп жаткан Конни Йейтс менен Крис Гард дарылоону улантуу баласы Чарли үчүн пайда алып келбегенин моюнга алышкан.
Баласы менен коштошуу үчүн бара жатканын айткан Крис Гард сөз сүйлөп: "Уулубузга дарыларды эртерээк беришкенде анын айыгып кетүү мүмкүнчүлүгу бар эле. Сени сактап кала албаганыбыз үчүн кечир. Тынч укта, биз сени жакшы көрөбүз", - деп көзүнө жаш алды.
Чарли Гард сейрек кездешүүчү митохондриялык ДНКнын алсыздык синдромунан жабыркаган. Бул оору баш мээге зыянын тийгизип, булчуңдардын алсырашына алып келет. Дарыгерлер баланын абалы күн өткөн сайын начарлап баратканын, анын
"өлүүсүнө уруксат берүүгө" аргасыз экендигин айтышкан.
Өткөн айда Адам укуктары боюнча европалык сот Чарлинин аппаратынын өчүрүлүшү керек экендиги тууралуу чечим чыгарган. Бирок баланын ата-энеси апелляция берип, сот алардын үмүтүн үзбөшү керектигин айткан.
Кичинекей баланын өмүрүн сактап калуу аракетине дүйнө эли көз салып турду. Интернеттеги социалдык тармактарда баланы аман алып калуу үчүн #CharlieGard хэштеги көп колдонулуп жатты.
Басылмалардын жазгандарына караганда, Рим папасы Франциск бала үчүн Кудайдан тиленип жатат. "Эч кимдин адамдын өмүрүн токтотуп коюуга акысы жок. Кымбаттуу Чарли, биз сен үчүн Кудайдан тиленип жатабыз", - деген католик чиркөөсүнүн башчысы.
Ал эми АКШнын президенти Дональд Трамп өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына: "Эгер кичинекей Чарли Гарддын өмүрүн сактап калуу колубуздан келсе, британиялык досторубуз, Рим папасы менен бирге жардам берүүгө даярбыз", - деп жазган.