Бүгүн, 25-июлда Биринчи Май райондук сотунда белгиленген "Ата Мекен" фракциясынан депутат Алмамбет Шыкмаматовдун соту жактоочусу Чынара Жакупбекова ооруканада жаткандыгына байланыштуу болгон жок.
Отурумга Шыкмаматов, Али Юксель жана абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Жусуп Иманалиев келlти.
Айыпталуучулардын жактоочулары кесиптеши Жакупбекованын келбей калгандыгын жүйө кылып отурумду кийинкиге калтырууну соттон өтүндү. Сотко төрагалык кылуучу Айбек Эрнис уулу өтүнүчтү канааттандырып, кийинки отурумду 1-августка белгиледи.