Microsoft корпорациясы 1985-жылдан тарта Windows операциондук системинин түзүмүнө кирген Paint графикалык редакторунун үстүндө иштөөнү токтотту. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Windows 10 Fall Creators Update операциондук системинин функциялары тууралуу баяндоодо Paint "активдүү иштетилбей калган, келечекте жаңы системдерден өчүрүлүшү мүмкүн" категориясындагы тизмеге кошулган. Ошондой эле жаңы версияда корпорация Outlook Express жана PDF менен TIFF документтерин окуй турган Reader тиркемесин өчүрөт. Reader функциясы Edge браузерине жайгаштырылат.