20-майда Ош облусундагы Өзгөн райондук аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүнөн өрт чыкты. Кырсыкта ӨКМнын өрт өчүрүүчү кызматкерлери окуя болгон жерге барып, тилсиз жоону өз убагында басып калган. Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, өрт дарыгерлер бөлмөсүндөгү сыналгыдан тутанган. Кырсык учурунда өрт өчүрүүчүлөр тарабынан төрөт үйүнөн 11 медицина кызматкери, 28 эне ымыркайлары менен эвакуацияланган. Жабыр тарткандар жок.