ЖЫЛНААМА, 25-ИЮЛЬ: Ырчы Асема туулган күнүн 100 адамдын коштоосунда белгилей турганын айтты

Ырчы жана актриса Асема Токтобекова 31 жашка толду. Учурда өздүк майрамына камынып, бошобой жаткан ырчы бүгүнкү күнгө койгон пландары менен бөлүшө кетти.

“Быйылкы туулган күнүмдү жылдагыдан башкача өткөрөт окшойм. Себеби жолдошум борбордогу тойканалардын бирине 100дөй адамды чакырып, эсте каларлык кече уюштуруп бермей болду. Азыр экөөбүз тең кечкиге камданып, эч эле бош убакыт таппай жатабыз. Маанайым жакшы, социалдык тармактан куттуктоолор биринин артынан бири келип кубантып жатат”, - дейт ал.

Асема Токтобекова 1986-жылы 25-июлда Бишкек шаарында төрөлгөн. 2008-жылы Кыргыз улуттук университетинин Эл аралык байланыштар бөлүмүн, кийин Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтун аяктаган. 2008-жылы “Боз салкын” тасмасындагы мыкты ролу үчүн Баку шаарында өткөн “Восток-Запад” эл аралык кинофестивалында “Эң назик образ” байгесине ээ болгон.

25-июлдун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Munar8625
2017-07-25 16:56:36
Бир кундо туулуппуз Жашыбызда тен екен Куттуктайм туулган кунубуз менен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан