Боом капчыгайында болгон жол кырсыгынан жабыр тарткандардын биринин абалы оор. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, айдоочу алган жаракатынан улам ошол жерден көз жумган. Ал эми бир жүргүнчүнүн абалы жакшы болгондуктан ошол жерден медициналык жардам көргөзүү жетиштүү болгон. Дагы эки жүргүнчү Балыкчы шаардык ооруканасына жаткырылган. Алар 1994-жылкы эркек балдар. Б.у.Д. аттуу жарандын абалы оор болуп, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Анын мээси чайкалып, башына кан уюган жана сыныктары бар. Экинчи жүргүнчү Б.у.Унун башы жарылып, омурткасы жабыркаган, ал травматология бөлүмүнө жаткырылганы, абалы орто экенин билдиришти министрликтен.
Эскерте кетсек, буга чейин SUPER.KG`нин журналисти Автандил Добулбеков Боом капчыгайында жеңил унаа кырсыкка учурап бир адам көз жумуп, бир адам катуу жаракат алгандыгын кабарлаган.