Түштүк кореялык ырчы PSY "Gangnam Style" ырын чыгарардан мурун ырчылык карьерасын жыйыштырмакчы болгонун айтып берди

Түштүк кореялык ырчы, аткаруучу PSY интервью учурунда “Gangnam Style” ырын чыгарганга чейин ырчылыкты жыйыштырмакчы болгонун айтып берди. Белгилүү болгондой, ал ырчылык кесиптен көрө Кореядагы белгилүү үн жаздыруучу "YG Enterainment" компаниясына жумушка кирсем, үй-бүлөмдү кенен багам деп ойлогон. Бирок компаниянын директору, белгилүү ырчы Ян Хён Сок анын бул оюн жактырбастан, тескерисинче, ырчыны чыгармачылыгын улантууга үгүттөгөн.

Жок дегенде соңку ирет, тамаша үчүн болсо да бир ыр чыгарып көр. Сен бул ишти убактыңды шаңдуу өткөрүү үчүн баштагансың”, - деген ал.

Анын сөзүн туура көргөн PSY дүйнөнүн төрт бурчуна тараган “Gangnam Style” ырын жараткан.

“Мен Ян Хён Сокту угуу менен бийиктикти багынта алдым. Ал өтө кызык жана билгич адам”, - деген ал интервью учурунда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан