СУПЕРСТАН: "Шиш така айымды сымбаттуу көрсөтөт жана өзүнө ишенген кыйын айымдар бул бут кийимди тандашат"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Сексуалдуу шиш такалар! ООРS!" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Көбүнесе, жапыз бут кийимдерди алам. Мен үчүн ыңгайлуулугу маанилүү дечүмүн. Бирок быйылкы жылдан тартып, бийик кийип калдым. Бат эле көнүп кеттим, кийин кайра жапызга өткөндө, кадимкидей жерге түшүп калгандай жүрбөдүмбү. Максимумга келсек, 5 сантиметрден ары өтө албайм. Анткени өзүм ансыз деле көп чалынып-урунуп, кулап эле басып жүрөм. Азыр да бир тиземдин көгү кете элек".

"Шиш таканын канча сантиметр экендигин карап отурбайм, сапаты, жарашыгы болсо эле мага ыңгайлуу болот. Спорт бут кийимдерин кийип жүрүп, дароо шиш така кийип кыйынчылыксыз басам. Басканым өзгөрүп, өзүмдү сулуу сезип калам".

"Ар дайым бийик такалуу бут кийим кием, жапыз кие албайм. Силер айтмакчы аңга түшүп кеткендей эле болом. Мага жапыз бут кийим ыңгайсыздык жаратат. Кырдаалга жараша, балким, жайкы эс алуу учурунда жапыз же спорттук бут кийимдерди кийишим мүмкүн, бирок ал стилден ыраакмын. Сантиметр менен көрсөтсөм, мен үчүн 5-7 сантиметр такалуу бут кийим жапыз. Эң бийиги 10-12 сантиметр, андан бийиги бийик, себеби боюм өтө узун болуп кетет деп абайлайм".

"Көп кийчү эмесмин, быйыл эле кийип баштадым. Кийгенде үйгө жеткенче шашам. Чынында бийик така кийген кыздарды көрсөм суктанам".

"Шиш таканы бою кичине айымдар киет дегенге кошула албайм. Узуну деле, кичинеси деле кийип жүрүшөт го. Бийик бут кийим айымды сымбаттуу көрсөтөт жана өзүнө ишенген кыйын айымдар бул бут кийимди тандашат экен".

"Така кийгенде басканың өзгөрүп, аялзаты экениңди көбүрөөк сезип каласың жана "эффектно" көрүнөсүң".

"Кийсеңер кийгиле, бирок ошого жараша басканды да билсеңер. Буту жарадар чегирткеге окшоп басып баратышса карап турган кишинин кээ бир кыздарга боору ооруйт. Ал эми шиш така кийип, жакшы баскан кыздарыбыз ого бетер чырайлуу болуп калышат, чиркиндики десе".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Hadyja
2017-07-25 16:20:38
Орустун Фаина Раневская деген атактуу аялзаты айткан экен:койногу канча кыска,туфлиси канча бийик болсо ал ошончо бактысыз,ошого эгер ботасчан аялды корсонор ал бактылуу деген экен
+1
raykray
2017-07-25 16:52:07
мен темага 100% кошулам, такалуу туфли жа койнок кийип баратса чыныгы аялды коросун,менда кийгим келет. А азыр boy friend шым кета башында кепка оозунда чалпактап жвачки, бирок такалуу кийип тыкылдып элди озуно каратканда куноо болот б.а мусулманчылыкка туура келбейт
+3
Guji
2017-07-25 19:37:20
Охо менда куп эле кийдимго бирок боюмда болгондон бери кийбей калдым тем боле төрөгөндөн кийин киё албайсын баландын көтөрүп жүрөсүнда ынгайсыз болот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан