Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев мекеменин кызматкерлерин жарандарга орой мамиле жасабоого үндөдү. Бул тууралуу ал Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарына болгон иш сапарынын жыйынтыгы боюнча кеңешмеде айтканын бүгүн, 25-июлда аталган кызматтын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, калкты тейлөө борборлорунун, жарандык абалдын актылары бөлүмдөрүнүн, паспорт бөлүмдөрүнүн, унааларды жана айдоочуларды каттоо бөлүмдөрүнүн иши текшерилди.
“Мен сиздерди түшүнөм, калк менен иштөө оңой эмес. Бирок жаранга кайра-кайра түшүндүрсөңүз дагы болбой эле түшүнбөй жатса, мындай учурда дагы орой мамиле жасабоого аракеттениңиздер, эң жакшысы бир-эки мүнөт кеңседен чыгып, таза аба менен дем алыңыздар”, - деди Догоев.
Эске салсак, буга чейин Кара-Суу райондук Жарандык актыларды каттоо кызматынын кызматкери Айжан Мурзабекованын документ алууга келген кызматкерлерге орой сүйлөп кыйкырган видеосу жарыяланган.