Африкада туулгандан тартып ВИЧ менен күрөшүп келген кыздын айыкканы маалым болду

Түштүк Африка Республикасында ВИЧ менен төрөлгөн кыз 8 жылдан бери дарыларды ичпей илдет менен ийгиликтүү күрөшүп келе жатат. Бул тууралуу Lancet басылмасы жазып чыкты.
Парижде СПИД боюнча өткөн эл аралык конференцияда сөз сүйлөгөн Витватерсранд университетинин өкүлү Ави Виолари жогорудагыдай окуялар чанда кездешерин белгилеген.
"Биз изилдөө жүргүзүп бейтаптарды оорудан толук айыктыруу жолдорун издейбиз. Вируска каршы дары-дармектерди кичинекей кезинен тартып ичүү кызга жардам бергенин эске алып, ал башка бейтаптардан ушунусу менен айырмаланганын түшүнүшүбүз кажет", - дейт Ави Виолари.
Маалым болгондой, кыз энеси менен кошо учурда сунушталып жаткан өзгөчө программага катышышкан. Анда ВИЧтин көбөйүшүнө бала төрөлгөн күндөн тартып бөгөт коюу каралган. Вирус кыздын иммундук системин алсырата электе, ымыркайга төрөлгөндөн баштап алдынкы 40 апта бою дары-дармектерди беришкен. Андан кийин дары берүүнү токтотуп, кыздын абалын көзөмөлдөп турушкан.
Бул программага ондогон адамдар катышып, көпчүлүк учурда инфекциянын өрчүшү токтогону байкалган. Ошол программага катышкан түштүк африкалык 9 жаштагы кыздын организминде ВИЧтин жоголгону аныкталган. Бирок клеткаларда вирустун кооптуу эмес бөлүкчөлөрү бар экени белгилүү болгон.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Neizvestno777
2017-07-25 17:39:52
"Түштүк Африка Республикасында ВИЧ менен төрөлгөн кыз 8 жылдан бери дарыларды ичпей илдет менен ийгиликтүү күрөшүп келе жатат.
https://www.super.kg/mobile/kabar/news/196273/" дарыларды ичипби же ичпейби?
+1
Айпери Ганыжан кызы
2017-07-25 17:43:50
Neizvestno777, Саламатсызбы!? Программага ылайык кыз жаңы төрөлгөндөн тартып 40 жума же 10 ай вируска каршы дары ичкен. Андан кийин дары ичүүнү токтоткон. Кыз азыр 9 жашта. 8 жылдан бери дары ичпей келе жатат.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан