Эртең, 26-июлда Франциянын Сен-Тропе курортунда “Leonardo DiCaprio Foundation” фонду уюштурган кайрымдуулук аукциону өтөт. Анда “Титаник” тасмасынын баш каармандары Леонардо Ди Каприо жана Кейт Уинслет менен бирге тамактануу кечеси сатууга коюлат. Аукциондун жеңүүчүсү ушул жылдын октябрь же ноябрь айында Голливуд жылдыздары чакырган Нью-Йорктогу ресторандардын биринде тамактанмакчы.
Аталган фонд 2008-жылдан тарта кайрымдуулук аукционун өткөрүп келет. Ушул кезге чейин фонд тарабынан 80 миллион доллардан ашуун каражат чогулуп, айлана-чөйрөнү коргоого бөлүп берген. Ал эми кезектеги аукциондон түшкөн акча рак менен ооруган кичинекей британиялык кызга жардам катары берилери айтылган.