ЖЫЛНААМА, 25-ИЮЛЬ: 33 жыл мурун орусиялык космонавт Светлана Савицкая аялдардан биринчилерден болуп ачык космоско чыккан

Тарыхта ачык космоско чыккан биринчи аял катары СССРдин өкүлү Светлана Савицкая катталган. 33 жыл мурун, 1984-жылы 25-июлда Савицкая космос кемесинен чыгып, 3 саат 35 мүнөт болгон. Атайын жабдуулар менен кесүү, ширетүү, сырткы катмарды жабыштыруу иштерин жүргүзгөн.

Светлана Савицкая Валентина Терешковадан кийинки экинчи айым-космонавт. Ал "Салют-7" орбиталдык космостук станциядан ачык космосто болуп, анын таасирин сынаган. Советтик Союздун эки жолку баатыры наамын алган жалгыз аял (1982, 1984), СССРдин эмгек сиңирген спортчусу (1970), авиация майору (1984). 1971-жылдан бери Москва авиациялык институтунда доцент наамында сабак берет.

25-июлдун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан