Сингапурлук 50 жаштагы фотограф өз курагынан 2 эсе жаш көрүнөт

Соңку убактарда өз курагынан жаш көрүнгөн инсандар коомчулукка көп кызыгуу жаратууда. Сингапурлук 50 жаштагы мурунку модель, азыркы фотограф Чуандо Тан да алардын катарын толуктап, өз курагынан 2 эсе жаш көрүнөт. Бул тууралуу Кытайдын сайттарынын бири жазып чыккан. Ал макаладан соң фотографтын жашоосуна кызыккандардын саны күн сайын арбып, аз убакытта социалдык тармактагы баракчасына катталган окурмандардын саны 235 миңден ашкан. Анын баракчасындагы сүрөттөрдөн жүзүнө бир да бырыш түшө электигин байкоого болот. Ал өзү мунун сыры өтө жөнөкөй экенин айткан.

“Мен көп убактымды спортко арнайм жана туура тамактанууга басым жасайм. Ошондой эле таң заарында же кечки убакта душка түшпөйм”, - деген ал.

Эске салсак, буга чейин Тайвандагы “кылымга катырылган үй-бүлө” көпчүлүктүн кызыгуусун арттырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Baiaman07
2017-07-26 08:46:10
50 жашта ушундай жаш корунсо орто эсеп менен 150 го киретко азамат
+7
Takai
2017-07-26 09:45:52
Бул неменер эч кыйналбай, жыргал жашоодо жашаган го. Биздин айылга келсинчи. Сууктан тиши тушуп, бути бырышып, жашоонун оордуган чачы агармак.
+8
aseras
2017-07-26 13:58:01
Takai,жашоо оордугунан эмес.Каерде болбо аракет кылсан берекет.Спорт менен машыгып туура тамактаныптыр.бищдикилерге окшоп кылжыйып арак ичип, тойго барса топоздой жээбейт экен.
+7
Odik11
2017-07-27 01:06:36
aseras,Чечектей суйлойт экенсин
+1
KyrgyzKagan
2017-07-27 02:16:20
aseras,Кылжыйып арак ичип топоздой жебейт экен де?))) Бирок чындап эле жашоо шартынада карайтда каралдым. Мисалы Тундук Кореянын жашоочуларынын бою Туштук Кореянын жашоочуларын а караганда жапыз экен. Себеби тамак аштын жетишсиздиги себеп болуптур.
0
FCBMESSI
2017-07-26 12:21:24
Бул да мындай жаштыкты сактоо учун мээнет кылган
+6
ZHYRGAl1412
2017-07-26 13:02:18
25 жаштагы балаго
0
AKCAHAT
2017-07-26 13:10:01
Уй булосу жокпу? озу учун жан уроп жашаган, озун суйгон адам тура. Жашаган олкон, коом, айлананы курчап турган адамдар, жумушун мунун баары таасирин тийгизет адамга. Баардык нерсен конулдогудой болсо позитив, оптимизм мн жашасан албетте картайбайсын
+2
Jangazy
2017-07-26 19:03:23
биздикилерди кредит эле картайтат
+6
Snejana
2017-07-26 19:54:35
Кудай сакта
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан