Кечээ, 25-июлда ырчы, актриса Асема Токтобекова 31 жашка толуп, 100гө жакын адамдын курчоосунда өздүк майрамын белгиледи. Туулган күндүк кечени ырчыга жолдошу белек катары уюштуруп берген. Ага актрисанын чыгармачылыктагы достору, туугандары келип, кызыктуу оюндар, ыр номерлери көрсөтүлдү.
Кечеде ырчы Султан Садыралиев "Эгиз жүрөк" чыгармасын аткарып, ага Асема менен жолдошу вальс бийлешти. Ал эми Съездбек Искеналиев аз убакыттын ичинде хитке айланган "Мына минтип" ырын аткарып, коноктор, кеченин күнөөкөрү менен бирге кызыктуу, позитивдүү бий тартуулашты.
"Бул кечени уюштуруп берген өмүрлүк жарым Акжолго ыраазымын. Маанайым сонун. Өздүк майрамыма Ош, Баткенден келген кайын журтум, өзүмдүн ата-энем, таяке, таежелерим келишти. Былтыр 30 жашымды белгилей албай калдым эле, мына минтип быйыл өткөрүп жатам", - деди Асема Токтобекова.
Кечеде үстүнө "30+1 жыл тажрыйба" деп жазылган, роза гүлдөрү менен кооздолгон дубалча элдердин көңүлүн буруп, ал жерге баары сүрөткө түшүп жатты.