Орусиянын "РусГидро" компаниясы Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаевдин 24-июль күнү Чолпон-Атадагы маалымат жыйында айтканы боюнча билдирүү таратты. Аталган ишкананын басма сөз кызматы тараткан маалыматта Кыргыз өнөктөштөрүнүн, президент Алмазбек Атамбаевдин айткандары негизсиз экени айтылган.
"РусГидро" Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын токтотуу боюнча билдирүү тараткан эмес. Өкмөт аралык келишимди Кыргыз тарап бузган. Компания тарабынан долбоорду ишке ашырууга коротулган акча каражаты келишимге ылайык толук кайтарылууга тийиш. Буга чейинки сүйлөшүүлөр натыйжасыз болуп келди. Компания Кыргыз тарап менен карызды кайтаруунун жолдорун талкуулоого даяр", - деп айтылат "РусГидро" компаниясынын басма сөз кызматы тараткан маалыматта.
Ошондой эле басма сөз кызматынын маалыматында, эгер Кыргыз тарап карызды кайтарбаса компания эл аралык арбитраждык териштирүүгө барары айтылат.
Айта кетсек, Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев 24-июлдагы маалымат жыйыны учурунда Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курууда орусиялык “РусГидро” компаниясы менен келишимдин токтотулганы туура болгонун айткан. “Мен, Орусиянын президенти дагы Жогорку Нарын каскадын жана Камбар-Ата 1-ГЭСин компания курбай жатканына таң калды. Биз АКШны же Орусияны карабай Кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгын ойлошубуз керек”, - деп билдирген болчу Атамбаев.
“РусГидро” 2012-жылы Кыргыз Республикасында Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курууну пландаган. 2013-жылы курулуш иштери башталган болчу. Бирок 2016-жылдын башында Жогорку Кеңеш 2012-жылдын 20-сентябрында кол коюлган Камбар-Ата-1 ГЭСин жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскаддарын куруу жөнүндөгү келишимди жокко чыгарган.