Бүгүн Чүй облусунун Ысык-Ата райондук милиция кызматкерлери тарабынан 300 форелди уурдап кеткен кылмыштуу топ колго түшүрүлдү. 3 адамдан турган топ 1-ноябрь күнү таңкы саат 5терде Ысык-Ата районундагы айылдардын биринде атайын форель өстүрүүчү менчик үйгө кирип, балыктарды уурдап кетишкен. Учурда кармалгандардын үстүнөн кылмыш иши козголуп, жабырлануучуга келтирилген чыгымдын суммасы эсептелүүдө.