Америкалык актриса Сандра Баллок 1964-жылы 26-июлда АКШнын Виргиния штатындагы Арлингтон шаарында музыканттардын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Ал кичинекей кезинен актрисалык кесипке кызыккандыктан, Түндүк Каролинадан актёрдук курсту аяктап, Нью-Йоркто театр актрисасы болуп иштеген. Бирок ал шаарда көпкө кармалбай Лос-Анжелеске көчүп, атактуулукка ошол жактан жеткен. Анын эң ийгиликтүү ролдору “Көрүнбөгөн тарап”, “Кагылышуу”, “Көлдүн жанындагы үй” жана “Ылдамдык” тасмаларында болгон. “Көрүнбөгөн тарап” аттуу тасмасында жараткан ролу үчүн “Мыкты актриса” наамында “Оскар” жана “Алтын глобус” сыйлыктарын алган.
Актриса 2005-жылы америкалык телеалпаруучу Жесси Жеймске турмушка чыккан. Түгөйлөр 2010-жылы Луис аттуу бала багып алышкан. Арадан көп өтпөй Жеймс жубайынын көзүнө чөп салган деген маалыматтар тарап, үй-бүлө эки ажырым жолго түшүшкөн. 2015-жылы Баллок экинчи наристеси Лилу деген кызды багып алган. Учурда Брайан Рэндалл аттуу фотограф менен жылуу мамиледе деген кептер айтылып келет.
26-июлдун жылнаамасы.