Бүгүн, 26-июлда "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары Борбордук шайлоо комиссиясынын алдына чогулушууда. Алар президенттикке талапкер Текебаевди мамлекеттик тил сынагына катыштыруу үчүн шарт түзүп берүүнү талап кылышууда. Учурда 15ке жакын адам турат. Алардын катарында Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов, экс-депутат Асия Сасыкбаева бар. Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров колуна "Текебаевдин Конституциялык укугу бузулбасын", "Шайтан оюндар токтосун" деген жазууларды көтөрүп алган. Бүгүн БШК аталган маселени кароосу күтүлүүдө. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова саат 09:27де келип, жумушуна кирип кетти.
Мамлекеттик Тил комиссиясы илген график боюнча, бүгүн саат 10:30дан 12:30га чейин президенттикке талапкер Өмүрбек Текебаев мамлекеттик тил боюнча экзамен тапшырышы керек.
Эскерте кетсек, кечээ, 25-июлда Текебаевдин жактоочусу Канат Хасанов сотко сынак тапшырууну камсыздап берүүсү боюнча кайрылган. Сот өтүнүчкө каршылык көрсөттү. Сот кеңешүү бөлмөсүнөн кайтып, өтүнүч четке кагыларын оозеки айтты. Жактоочу Канат Хасанов өтүнүчтү четке кагуу боюнча оозеки чечими жарабай турганын, БШКга документ катары тапшырууга кагаз түрүндө жазып беришин талап кылган.