ЭЛДИК ВИДЕО: Бишкекте күйөөсү менен чатакташкан келин үйдүн 4-кабатынан секирүү аракетин көрдү

SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Бишкекте күйөөсү менен чатакташкан келин балкондон секирүү аракетин көрдү" деп аталган видео жүктөлдү.

Видеодон үйдүн короосунда отурган эркек кишини көрүүгө болот. Ал жердеги тургундар балкондун кырына жабышып турган аял ага ким болорун сураганда "Чогуу жашаган аял" деп жооп берген.

Видеого тартып жаткандар келинди балкондон секирбөөгө чакырып жатышат. Келиндин "эшикти ачып койгула" деген үнү угулуп, тургундар келин менен чогуу жашаган кишиден батирдин ачкычын алышып, аялды балкондон секирүүдөн сактап калышты.

Социалдык тармактарда окуя 25-июлда Бишкек шаарынын Жал кичи районунда болгондугу жазылууда.

Бишкекте күйөөсү менен урушкан келин балкондон секирүү аракетин көрдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
KIPCHAK-KALMAK
2017-07-26 12:12:11
Жин кирип кеткенби де албарсты басканго))))
0
jasgul
2017-07-26 19:05:48
Мас окшойт акмактар экоо тен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан