Райкан Төлөгөновдун сотунда күбө катары камактагы Абдулла Юсупов көрсөтмө берди

Бүгүн, 26-июлда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Райкан Төлөгөновдун иши боюнча соттук отурум уланды. Соттук отурумдун жүрүшүндө күбө катары камактагы Абдулла Юсупов көрсөтмө берди.

Мен Бакиевдер жана балдары менен мамилем жакшы болчу. Алардын кеңселеринин даректерин да так билчүмүн. Биз 7-апрель күнү кечинде Бакивдердин мүлктөрүн эмес, алардын туугандарын качырбай кармап калабыз деген ойдо Жаныш Бакиевдин үйүнө жана анын балдарынын кеңселерине барганбыз. Бирок алар качып кетүүгө үлгүрүшкөн экен. Кийин бизге, элдик кошуунга Төлөгөнов тарабынан Бакиевдердин мүлктөрүн мамлекетке өткөрүү тапшырмасы болгон. Биз бардык мүлктөрдү, документтерди атайын унааларга жүктөп жиберип турганбыз. Бирок биздин колубуз менен мародёрчулук болуп жатканын билген эмеспиз”, - деди Юсупов.

Эске салсак, Төлөгөновго Кылмыш-жаза кодексинин 167 (тоноо) жана 241 (ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) беренелери боюнча айып тагылган. Райкан Төлөгөнов 28-март күнү 2010-жылдагы мародёрчулук боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Leilektik
2017-07-26 13:00:53
Юсупов дагыле тынчыбадыбы ХХХ
+6
jbolotov
2017-07-26 13:33:33
Юсупов болгонун айтып атат, Текебаев Тологонов Мадылбеков дегендер тойгоно жеп олгончо каргангандар экенин акылы соо адамга тушунуктуу. Танкалыштуусу Текебаев дайым шайлоо алдында камалып элге жаккан создорду суйлоп кее бир элдердин колдоосуна туш болуп алганы.
-1
Tunerbei1812
2017-07-26 15:56:43
jbolotov,Текебаев мурун камалган эмес, жанынды жебе. А.Юсупов башы турмодон чыкпаган аферист. Анын созуно ишенген адам арам олот
+2
jbolotov
2017-07-26 16:02:22
Tunerbei1812,Мурда камалганын билбесен анда суйлобой эле койсон.
-3
Tunerbei1812
2017-07-26 16:21:22
jbolotov,мурда камалып, соттолгон адам депутат боло албайт. Теке
азыр депутат. Соттуулугу жок. Билип ал.
-1
sibiryak
2017-07-26 18:20:27
Юсупов ХХХ!!!
0
admin_superstan
2017-07-27 10:04:29
bekishair, провокация жаратуучу билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. 1 күнгө БАН!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан