Монголиянын президенти мамлекеттик 49 ишкерге уурдаган акчаларын 49 күндүн ичинде өлкөгө кайтарууну айтты

Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга мамлекеттик ишмерлерге жана саясатчыларга кайрылуу жасады. Чет элдик маалымат булактары жазгандай, президент криминалдык жол менен, коррупция жана алдамчылык ыкмалары менен акча алганга шектелген мамлекеттик 49 ишкерден оффшордук эсептеги каражаттарын өлкөгө кайтарууну талап кылган.

"Монголиянын президенти катары оффшордук эсеби бар саясатчыларды, мамлекеттик ишмерлерди жана аларга байланышы бар адамдарды 49 күндүн ичинде эсепти жаап, андагы акчаны мамлекетке кайтарып берүүгө чакырам. Эгер ким бул талапты аткарбаса ага карата иликтөө иштери жүргүзүлөт жана мыйзам чегинде жоопко тартылат", - деген мамлекет башчысы. Ошондой эле ал каражат Монголиянын улуттук "МонголБанк" банкына которулуусу керек экенин, талапты аткарбагандардын эсебиндеги акча кандай жол менен алынгандыгы ачыктала турганын кошумчалаган.

Халтмаагийн Баттулга бул кайрылууну 24-июлда жасап, оффшордук эсептер ошол күндөн тартып 49 күндүн ичинде жабылуусу керек экенин белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
BarsBaatyr
2017-07-26 13:38:22
Азамат экен.Бизде Мадумаров болсо ушундай тартип болмок.
+2
ruslanz
2017-07-26 14:55:07
BarsBaatyr,Ал спикер болгондо, парламенеги эмеректерди жангактан кылабыз деп чыкпады беле.
+4
Abdusamat.kg
2017-07-26 15:50:35
ruslanz,Чыңгыз хандын урпактары азамат , Манастын урпактары Канчоро сымал
+3
yasmina_kg
2017-07-26 20:02:31
BarsBaatyr,Тескеринче Мадумаровун биринчи жей баштаса кантесин.
+3
talant87
2017-07-26 13:50:00
бизде Ким болсода кайтарбайт мен таза Жана акмын дер себеби 5-6 жыл камайта анан башка бийлик келип актап жиберет
+6
Melis2014
2017-07-26 14:15:03
Мына приздент деген осябняктан баш тартты елге пропка кылгысы келбей ишинин жанына чыкты квартирага чыныгы потриот биздикилерди корсон ХХХ айрымасы жоктор
+16
Firdaus-Muslim
2017-07-26 14:15:53
Ушундай тартип Кыргызстанда качан болоор экен.
+7
manap90
2017-07-26 17:26:14
Бизге Мадумаров болсо ушул жолго баруусу мүмкүн. Калгандары кайрадан ошол уруу бизнесмендерди колдоп чыгаары анык.
+2
Ibragim.osh2016
2017-07-26 21:38:15
Бул борецби кулагы сынык го
+3
vangolu
2017-07-27 09:46:54
49 кун эмес 49 саат убакыт берилген
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан