Казакстандын Астана шаарында өткөн алыш боюнча Дүйнө кубогунда Кыргыз спортчулары 14 медалга ээ болушту. Алар 1 алтын, 5 күмүш жана 8 коло медаль тагынышты. Бул тууралу аталган спорт түрүнүн федерациясынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, Астанада өткөн Дүйнө чемпиондугунда 20 өлкөнүн 200дөн ашык спортчусу катышкан. Кыргыз өлкөсүнөн 20 спортчу эркин жана классикалык стилинде медалдар үчүн күрөшүшкөн. Мелдештин жыйынтыгында Кыргыз спортчу Урмат Мусадилалиев эркин стилинде 90 килограмм салмак ченинде күрөшүп алтын медаль тагынды. Күмүш медалдарды Мыктыбек Каныбек уулу, Асылбек Октомбек уулу, Ноорузбек Мирланбеков, Айдар Эркулов жана Сергей Фуфачев жеңип алышты.
Жааттык эсепте Кыргыз курама командасы 3-орунга ээ болду.