Порталдын "Элдик видео" бөлүмүнө "Панданын балдары менен ойноо үчүн анын костюмун кийген коруктун кызматкери" деген аталыштагы видео жүктөлдү (Ник: Epke).
Видеодо Кытайдын “Волонь” аталышындагы улуттук коругунун кызматкери панданын балдарын кучактап, алар менен ойноо үчүн жаныбардын костюмун кийип алганын көрүүгө болот. Анын бул кадамы интернет колдонуучулары тарабынан кызуу талкууга алынууда. 2005-жылы окумуштуулар жаңы төрөлгөн пандаларды туура тарбиялоо үчүн адамдын караанын көрсөтпөстөн, тескерисинче анын костюмун кийип алуу алда канча таасирдүү экенин аныкташкан соң кызматкер бул ыкманы колдоно баштаган. Видеону көргөндөр кызматкердин боорукерлигине суктанып, ага карата түрдүү жылуу пикирлерди калтырышууда.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.