Нарында 21 миң гектардан ашуун жерге зыяндуу чегирткеге каршы уу себилди. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлда өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
"Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал, Нарын районунун бир катар айыл аймактарында пландуу жүргүзүлгөн иш аракеттердин негизинде облус боюнча 25 миң 70 гектар жер текшерилген. Текшерүүгө алынган аймактан зыяндуу чегирткелер табылып, 21 154 гектар жерге уу чачылды", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев менен биргеликте Нарын районундагы Миң-Булак, Эмгек-Талаа жана Ак-Кудук айыл аймактарындагы зыяндуу чегирткеге каршы ууландыруу жумуштары менен таанышты.