Улуу Британия 2040-жылдан тартып бензин жана дизель менен жүрүүчү унааларды сатууга жана сатып алууга тыюу салат. Бул тууралуу аталган падышалыктын өкмөтүнө шилтеме берүү менен чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Буга чейин Лондондун мэри Садик Хан эски дизелдик унаалардын ээлерине 3500 фунт (315 миң сомдон ашуун каражат) төлөп берүүнү сунуштаган. Калаа башчысы муну менен атуулдар эски унааларын экологиялык жактан зыянсыз унааларга алмаштыра алышарын айткан.
Шаар бийлигинин бул сунушу өкмөттүн таза абаны сактоо жана жакшыртуу боюнча стратегиялык планынын бир бөлүгүнө айланды. Жергиликтүү бийликти колдоо үчүн учурда 225 миллион фунт бөлүнүшү каралууда. Бул 300 миллион долларга барабар.
Алардын айтымында, абанын булганышы жылына 50 миңден ашуун адамдын өмүрүнүн эрте кыйылышына себеп болууда.