Бүгүн, 26-июлда саат 16:26 чамасында Бостеридеги мурунку "Алтын кум", азыркы "Бостери" пансионатында парашюттун арканы үзүлгөнүн SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу окурман билдирди.
"Парашюттун жиби үзүлүп, бакка илинип, андагы кыз бир топ убакытка асылып калды. Сүрөткө тарттырбай коюшту. Мындай нерсе кайталанса, адам өмүрүнө коркунуч жаралса ким күнөөлүү болот?" - деген суроо салды окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.