Бүгүн, 26-июлда президенттикке талапкерлердин үчөө мамлекеттик тил боюнча сынактан өтүштү. Бул тууралуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн Назарбек Нышанов, Темир Сариев жана Арстанбек Абдылдаев тест тапшырышты. Мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестирлөөгө эң биринчи болуп катышкан Назарбек Нышанов суроолордун 74,15 пайызына жооп берген. Ал эми Темир Сариев 81,8, Арстанбек Абдылдаев 61,2 пайызына туура жооп берген.
Талапкерлер "Кыргызтест" системи боюнча 4 бөлүктөн турган тестирлөөдөн өтүштү. Анда кыргыз тили боюнча лексика-грамматика, угуу, окуу жана сүйлөөнү текшерүү каралган.
Талапкерлердин мамлекеттик тил боюнча сынак тапшыруусу бүгүн, 26-июлда башталып, бир күндө төрт талапкер тестирлөөдөн өтүп турмакчы.