Өлкөнүн түштүк аймагындагы диний окуу жайлардын студенттерине кошумча кесиптик билим берилет

Өлкөнүн түштүк аймагында жайгашкан диний окуу жайлардагы студенттерге кошумча кесиптик билим берилет. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлда Мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, муфтият "АВЕП" коомдук фонду менен биргеликте Ош облусунун Кара-Суу районундагы “Абжапар” Ислам институтуна компьютердик билим берүү боюнча атайын жабдуулар жана техникалык каражаттар тапшырылган.

"Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы “Имам Азам” медресесине ашпозчулук боюнча каражаттар тапшырылды. Ал эми Баткен облусундагы “Имам Азам” медресесине тигүүчүлүк кесиби боюнча техникалык каражаттар тапшырылып, студенттер үчүн абдан жакшы шарттар түзүлдү", - деп жазылат маалыматта.

Иш-чаранын жүрүшүндө КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан Эргешов диний окуу жайлардын жаштары үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр ачылып жаткандыгын белгилеп, студенттер мындан ары диний билимди алуу менен бирге эң зарыл деп эсептелген кесиптик билимге ээ болорун билдирди.

"Бул жерде башкы максат жаштарды диний-экстремисттик агымдардын азгырыгынан сактап калуу менен бирге, үй-бүлөсүн багып кеткидей шарт түзүп берүү болуп жатат. Тилекке каршы, диний жактан адепке үйрөнгөнү менен кийинчерээк диний-экстремисттик уюмдардын кылтагына илинип, андан ары мандемдүү уюмдарга өтүп кеткен жаштар аз эмес. Буга түрткү болгон негизги жагдайлар жумушсуздук, акчадан кыйналуу, жакырчылык жана бай тажрыйбасы бар диний фанаттардын азгырыгы болуп жатат", - деди ал.

Акимжан Эргешовдун айтымында, мындай долбоор мурда Чүй облусунда ишке ашырылып Чүй облусундагы медреселерде окуган 400дөй бала 4-5 кесипке ээ болуп, сертификат алышкан. Азыр ошол сертификат алгандардын 65 пайызы жумуш менен камсыз болуп иштеп жатышат. Ашпозчу-кондитер, тигүүчү, компьютер колдонуучу кесиптерин жакшылап үйрөнөм дегендерге чектөө жок. Бир эле медресенин тарбиялануучулары эмес жакын жайгашкан мектептердин, медреселердин жана башка билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү да келип окуса болот. Окуулар август айынан тарта башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан