Өткөн суткада өлкө ичинде 8 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМнын Өрттүн алдын алуу жана анализдөө бөлүмүнүн башчысы Уланбек Танабаев билдирди. Айта кетсек, Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 1, Ош облусунда 2, Баткен облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1 жана Талас облусунда 1 тилсиз жоо катталып, адам өмүрүнө зыян алып келген фактылар болгон жок.