ЖЫЛНААМА, 26-ИЮЛЬ: 161 жыл мурун атактуу ирландиялык жазуучу Бернард Шоу төрөлгөн

Мындан 161 жыл мурун, 1856-жылы 26-июлда ирландиялык жазуучу, "Цезарь жана Клеопатра", "Капитан Брасбаунддун кайрылуусу" жана башка чыгармалардын автору Жорж Бернард Шоу Дублин шаарында төрөлгөн. 1871-жылы мектепти аяктап, 5 жылдан кийин Лондонго көчүп барып журналистика жана адабият менен алектене баштаган. 1925-жылы "Нобель" сыйлыгына татыган. Социализмдин жактоочусу болуп, Октябрь революциясын колдогон. 70 жашында Индия, Түштүк Африка, Жаңы Зеландия, АКШ, СССР өлкөлөрүнө саякат жасаган. Анын акыркы пьесаларынын катарына 1948, 1950-жылдары жазылган "Байанттын миллиарддары", "Ойдон чыгарылган тамсилдер" кирет. Жазуучу 1950-жылы 2-ноябрда 94 жаш курагында дүйнө салган.

26-июлга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан