"Liglass Trading" компаниясынын башчысы Кыргыз тарапка берген убадаларын аткара турганын видеокайрылуу аркылуу билдирди

Чехиялык "Liglass Trading" компаниясынын башчысы Михал Смелик чех жана кыргыз журналисттеринин компаниянын Кыргыз өкмөтү менен макулдашуусундагы милдеттерин аткара албай жаткандыгы тууралуу маалыматтарына жооп катары видеокайрылуу жасады.

Видеодо ал компаниянын энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча тажрыйбасы мол экенин айтып, буга чейин мындай иштер Чехия, Словакия, Англия, Румыния, Орусия, Индияда жасалганын билдирген. Компаниянын жетекчиси Кыргыз мамлекети алар үчүн чоң кызыгуу туудурганын айтып, 2017-жылдын 10-июлунда кол коюлган келишимдин бардык шарттарын аткара турганын билдирген.

Эске салсак, буга чейин Михаил Смелик журналисттер үчүн бүгүн, 26-июлда жыйын өткөрөрү айтылган, бирок жолугушуу болгон эмес.

Кыргызстанга ГЭСтерди курабыз деген чехиялык компаниянын ээси үн катты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
toktor89
2017-07-26 21:42:49
Кийин шерменде кылып кетпесе болду
0
edu.kg.
2017-07-26 23:46:40
Ушу лигаласта бир шек бар да. Ушунча чууга карабай актанып атышат. Кумтордой чуужаратканы калышты.
0
KGstan1981
2017-07-26 23:48:10
Ошол видео кайрулуга оной эле ишенип калсанар.Анда мен дагын видео кайрылуу жонотуп коейун.))))
0
cubich
2017-07-27 09:13:42
Кыргызстан бай мамлекет болгондо озу эле куруп коймок. Башка мамлекетке жалдырабай. Кытайга жалдырады эле Датка-Кеминди курганы, кытайлар товарын да откорду, жумушчуларды да оздорунон алып келип, айлыкты оздоруно толоп, кеткен расходду Кыргыз элине илип коюшту.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан