Таиланддын падышасы Маха Вачиралонгкорндун туулган күнүнүн урматына мектеп окуучулары жана деңиз-аскер офицерлери 1066 таш баканы деңизге коё беришти. Мындай салт монархтын өмүрүн тилөө максатында уюштурулган деп жазат бүгүн, 26-июлда Батыш маалымат каражаттары.
Иш-чара Чонбури провинциясындагы Саттапи деңиз-аскерлердин базасында уюштурулду.
Падыша Маха Вачиралонгкорндун туулган күнү 28-июлда белгиленип, ал 65 жашка толот. Мурунку падыша Пхумипон Адульядет каза болгондон кийин, бул күн былтыртан баштап мамлекеттик майрам деп жарыяланган.
Таиланддагы буддисттер жаныбарларды жана чымчыктарды эркиндикке коё берүү жөрөлгөсүн жакшылык алып келет деп белгилешет. Ошондой эле таш бакалар узак жашоонун символу катары эсептелгендиктен, аларды сууга коё берүү менен адамга узак өмүр тилеп жатабыз деп ишенишет.