Тажикстандын Ички иштер министрлиги ашыкча салмактан улам иштен айдалган 13 тартип сакчысын кайра жумушка алгандыгын 26-июлда жергиликтүү маалымат булактары жазып чыкты.
Эки ай мурун Тажикстандын ички иштер министринин буйругу менен 20 милиция кызматкери ашыкча салмагы үчүн жумуштан бошотулуп, 100дөн ашуун кызматкерге арыктоо үчүн убакыт берилген. “Милиционерлер үчүн шамдагайлык жана жеңил кыймыл талап кылынат. Алар бардык кырдаалга даяр болуп, милдеттерин аткарууга тийиш”, - деп билдирген министрлик.
Ашыкча салмак менен күрөшүп, министрлик талап кылган норманы камсыздаган башка тартип сакчылары дагы жумуштарын калыбына келтире алат.
Эскерте кетсек, тажик ИИМи ашыкча салмак менен күрөшүүнү былтыр декабрда баштаган. Министр Рамазон Рахимзода белгилеген нормага ылайык, 168-170 сантиметр бойго ээ милиция кызматкерлеринин салмагы 75 килограммдан ашпашы керек. Ошондой эле эркек милиционердин бою 168 сантиметрден кем эмес, погончон аялдардыкы 160 сантиметрден жогору болушу керектигин билдирген.