Ошто 12 жашар кызды сүзүп алган Патрулдук милициянын кызматкери сөгүш алды

Ушул жылдын 31-май күнү Кара-Суу районунун Кызыл кыштак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ош-Исфана жолунда Патрулдук милициянын кызматкери А.А. 12 жашар кызды кызматтык унаасы менен сүзүп алган. Анын кесепетинен кыз ооруканага жаткырылган.

ИИМдин маалымат кызматынан 26-июлда билдиришкендей, бул кырсык боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, Патрулдук милициянын бөлүм башчысы менен кызматкерине тартиптик жаза берилген.

"Ош ОИИБинин жетекчисинин буйругу менен кызды сүзгөн кызматкерге ИИМдин тартиптик уставынын негизинде сөгүш жарыяланып, кызматкерлерин начар көзөмөлгө алгандыгы үчүн бөлүм башчы болуп иштеген К.Ага тартиптик жаза берилди", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Tyty1990
2017-07-27 09:57:40
Сөгүштү уктуң эми дальше иштей бер. Эх мыйзам өтө сонун иштейт бизде...
+8
TIMON_BERKOWITZ
2017-07-27 10:08:31
Мыйзамда жазылган, административдик чара же камак. Ошол ЖЕ деген сөздөн улам бүт баары жейт! Жебесе камайт, жесе ЖЕ сөзүн колдонот. Кудум мыйзам корупционерлер үчүн жазылгандай..
+6
nurik-95
2017-07-27 10:25:46
Өздөрү адам сүзүп жүрүшсө элди тосуп эмне кылат дагы патруль имиш шермендечилик бул
+5
birimdik.
2017-07-27 10:52:51
Байкуш кыздын ден-соолугу силердин Бир согушнор экенда жонокой Адам сузгондо уже жазасын отоп жатты эле турмодо
+4
admiral
2017-07-27 11:53:08
Биздин бийликтегилердин даражасы ушунчалык томонбу? Ээх жанды кейитесинерда
+3
RusMos76
2017-07-27 12:22:02
Шоопурун согуп койду да шефи, эх закон!
+3
avtogrand
2017-07-27 12:46:14
Штраф дагы жазылбаптырда а? Сөгүп койду болду кутулдуң, эртең эрте менен жумушка чык эч нерсе болбогондой А.А.
+3
kamchatka
2017-07-27 12:48:16
Жок эле дегенде кызматынан четтетилмек башка олкодо болгондо а так камалат болчу озун озу алып журуудо элге улгу болуш керек болчу МАИ кызматкери.
+3
admiral
2017-07-27 14:41:58
АКШнын тургуну чымындай болгон аквариум балыгын өлтүргөнү үчүн 4 айга эркинен ажыратылды. ОШто 12 жашар кызды сүзүп алган Патрулдук милициянын кызматкери согуш алды.. Кыз катуу жарат алганына байланыштуу ооруканада жатат!!эмне деген олкодо жашап шатабыз. 12 жашар кыздын денсоолугу эч нерсе эмеспи???????????
+4
Taalaibek.
2017-07-27 22:58:15
Мындайларды созсуз жумуштан алыш керек.
+2
BekAmir
2017-07-28 00:51:53
Эх кандай олкодо жашап калдык. Мыйзам карапайым калк учун кана иштейт
0
ayjan_90
2017-07-28 14:29:42
Эмнеге кылмыш иши козголбойт же карга карганын козун чукубайттанбы бул жагы согуш жарыялады дейсинер акча менен баарын оозун жапты да ДПС
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан