Ошто 80 жаштагы эне ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 46, 53 жаштагы эки уулун жалгыз багат

Ош шаарынын тургуну Калипа Ибрагимова ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген эки уулун жалгыз багат. Үй-бүлөнүн оор жашоо-турмушу тууралуу бүгүн, 27-июлда SUPER.KG порталына Ибрагимова өзү айтып берди.

"Мен бой жетип, 17-18 жашымда Кадамжайга турмушка чыктым. Эки уул, бир кыздуу болдук. Бирок жолдошум балдарымды, мени көп сабачу. Көп кордук көрдүм. Ошентип жашабай, ажырашып кеттик. Андан соң өмүр бою өлкөнүн өндүрүш тармагында эмгектенип, мекенге кызмат кылдым. Эми минтип, ал-күчтөн тайып өкмөттүн колун карап калдым. Балдарымдын улуусу 53 жашта. Ал психикалык жактан жабыркаган. Кичүү уулум 46 жашта, ал да 6-7 жылдан бери эки көзү көрбөй калды. Экөөнүн тең ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген. Мамлекеттен 5 миң сом пенсия алып жашайм. Турмушубуз абдан оор", - дейт ал.

Калипа Ибрагимова 80 жашта. Карылыктан улам ар кандай оорулар менен күрөшүп келет. Алган пенсиясы азык-түлүктөн артпайт. Башка зарыл нерселерди сатып алууга каражаты жок. Учурда Ош шаарындагы Ош кичи районунун Джим көчөсүндө жашайт.

"Үйүбүздү оңдоп, иретке келтирип берчү адам жок. Балдарым ден соолугуна байланыштуу иштей алышпайт. Айрым учурларда электр жарыгы өчүп калат. Абалыбызды өлкө башчыбыз укса деген тилектемин. Каражат жагынан жардам берсе, баламдын эки көзүнө операция жасатып алсак деп үмүт кылып жатабыз", - деди Калипа Ибрагимова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Shaa-82
2017-07-27 11:43:32
Эх байкуш эне... Эне гана баарына чыдайт экенда. Атасы ура берип эле майып кылып койгондойго. Аллах шыпаасын берсин! Адресин точно жазып коесуздарбы админ?
+10
ice87
2017-07-27 11:47:27
Мен Ошто болгонумда жок дегенде уйун ирээттеп берет элем.
+8
CEO
2017-07-27 12:01:54
Атамбаевдин Арашандагы хан сарайында жашоого булар Атамбаевден кобурок акысы бар...

Атамбаев эркек болсон ушуга окшогондорго эмнеге конул болуп карап койбойсун, калп суйлоп контрабанда ташыгандан башкага жарабайсын.......
+8
Акназар Сулайманкулов
2017-07-27 12:19:53
Калипа Ибрагимованын байланыш номуру 0(559) 232 723
+5
Bahira
2017-07-27 13:01:04
Ушул эженин уйун далай жыйнап берейин деп эле эч бошободумда, атам ардайым бул эжеге жардам берип келет
+5
Malik92
2017-07-27 14:42:57
Карапайым Кыргыз элим биз бир-бирибизге жардам бербесек жогору жактан умут деле кылбасак болот.
+2
AKCAHAT
2017-07-27 15:13:58
Эне сабыр кылыныз, шугур кылыныз башынызда чатырыныз бар экен жакшы. Ункур болсо дагы уйунуз бар калганы Кудай ырыскысын берет.
+1
ayjan_90
2017-07-28 14:23:10
Эххх мен Кыргызстанда болгонумда баары жогун тазалап шыпырып сыйрып иретке келтирип бермекмин душманыма да каалабайм мындай тагдырды сабыр кылыныз эже уйунузду жыйнап берген кыз келиндер табылып калаар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан