SUPER.KG порталы журналисти Автандил Добулбековдун эмгек өргүүсүндө экенин билдирет

24-июлда Чолпон-Атада болуп өткөн президент Алмазбек Атамбаевдин маалымат жыйынында SUPER.KG порталынын журналисти Автандил Добулбеков тарабынан берилген суроо жана ага байланыштуу окуянын өнүгүүсү боюнча SUPER.KG порталы билдирүү таратат.

Бул окуя боюнча кечээ күнү комментарий бере албаганыбыздын себеби - Автандил Добулбеков эмгек өргүүсүнө чыгып, ошондон улам аны менен байланышуу мүмкүн эмес болду. Кечээ кечинде Автандил Добулбеков менен SUPER.KG порталы байланышкан соң, бул маселе чечилди.

Ал эми айрым жалпыга маалымдоо каражаттары жазгандай, Автандил Добулбековду жумуштан кетирүү деген маселе редакцияда жаралган эмес жана жаралмак да эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
abusait
2017-07-27 10:27:47
Тушунуп эле турабыз. Силерди да бурчка такап , кислородунарды бууп жататда. Болбосо бир суроого жооп бериш учун 1 кун ойлонбойт эленер. Эээхх... . Кайда баратабыз ? ((
+19
almanbetperm
2017-07-27 10:45:02
Даааааааа вот это поворот, ажонун колуна откону турат окшойсунар суперчилер.
+9
omka100514
2017-07-27 10:45:38
Озунун фейсбуктагы баракчасына "белгисиз моонотко сургунго кетип жатам, Чолпон-Атадан келсем редакция мага сюрприз даярдап койуптур"- деп жазыптырго, мен фейсбуктагы аки пресстин страницасынан окудумго же алар дагы ойунан чыгарып эле жазып койдубу?! анысын неге жазбайсынар. Кичине уялгылачы Супер инфо
+9
Эльвира Караева
2017-07-27 10:52:15
omka100514, Автандил Добулбековдун бүгүн Фэйсбукка илген постунун баш жагы:
"Урматтуу достор!
Эки күндөн бери менин тегерегимде ар кандай сөздөр айтылууда. Ток этерин айтканда, мындай: Ошол президенттин пресс-конференциясында берилген суроо, президенттин жообу, ал боюнча талкууларды талкуулоо учурунда пикир келишпестик келип чыкты. Түзүлгөн кырдаал мени белгисиз мөөнөткө эс алууга кетүүгө түрттү, ойлонууга аргасыз кылды. Бирок маселе чечилди."
-3
Эльвира Караева
2017-07-27 10:52:44
Эльвира Караева, посттун уландысы:
"Президентке берген суроомду да, президент тарабынан айтылган сынды да орундуу деп эсептейм. 2 күн бою мени колдоп жылуу пикир айткандарга терең ыраазычылык билдирем!!!"
-1
aseras
2017-07-27 10:53:40
Басты басты кылыпсынар да)) Болду эми актана бербегиле тушундук
+8
Begimkyz
2017-07-27 10:54:26
Эмне деген суроо учун ушундай болуп кетти ыя? Билбей калыпмын.
-1
admin_superstan
2017-07-27 11:08:58
birimdik., порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
stimyl.kg
2017-07-27 11:22:34
Супер кж жамааты,силерди эл менен жакыныраак элдин коптогон суроо талабы,кунумдук турмуш койгойу силер аркылуу чечилип,коомдогу социалдык онугууго салым кошуп жатканынарды биз карапайым калк абдан жакшы билебиз,учурдун заманбап порталы деп тушунобуз. Ошондуктан мындан да жакыныраак эл менен болшунарды суранабыз. Бийликтен Афтандил бойунча басым болгонун тушунуп турабыз. Элге жакын адамды эл ардайым колдойт. Жана да сураныч талкуу жабык дегенинерди койгула бийлик шалаакы болсо
+3
nurbekasr
2017-07-27 11:28:43
Супер инфо чындыктан алыстабай болгонун жазсаңар.Добулбеков эркексин,АША кетет жакында ошондо көрөбүз көп өзгөрүүлөрдү буюрса.
0
stimyl.kg
2017-07-27 11:29:56
Бийлик шалаакы жондомсуз болсо ал силердин куноонор эмес да аларды коргоштогудай. Эл эмне учун сын айтат эл билген учун байкаган учун. Ошондуктан бийликтин талапкерин рекламалап мактаганынарды токтотгула бул нерсе элге жакпайт. Атамбаев ал оз акылына ойуна ээ боло албаган пенде экен кечееги маалымат жыйынында деерлик баардык суроолорго чычалап купулдоп жатты,ошондуктан анын чычалаганы учун козго басар журналистинерди жазалоо туура эмес. Куноо чуу жараткан Атамбаевде ар бир созу сенсация менен.
0
Дарыгер
2017-07-27 11:48:39
Мына ушул билдирууну куткөм. Кайрылуу жолдоюн деп жаткам бугун. Маселе эми Афтандил эмгек өргүүсунөн кайтабы же андан ары "өз каалосу менен" жумуштан кетти болобу???
+6
Ma9
2017-07-27 13:11:20
Дарыгер,сиз айтмакчы ооз калосу менен жумуштан Кети болсо керек бир ай куто туралычы
+3
admin_superstan
2017-07-27 12:09:05
adimyrza, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
-3
gulmira90
2017-07-27 21:08:20
Урматтуу супер инфо коркпогула Ашадан!Аллах өзү жардам берет!акыйкатты жеткиргиле эл менен болгула!
0
Mushker2013
2017-07-28 08:58:55
Афтандил чыныгы эркексин,бийликти мактап кошомат кылгандан коро,чындыкты айтып,ар-дайым элдин талабын талашып журо бер!Кыргызстандын жаш патриот жигиттери сени менен!
0
A.Alymbek
2017-07-28 11:55:35
мммм да, ошондо дагы эле борбор азиядагы эн эркин, демократиялуу олко болуп саналып жатабызбы. Ажобуз чындык эч кимге жакпайт деп коп айтчу эле- демек ага да чындык жаккан эмес экен да... Афтандил мырзага ийгилик каалайбыз.
+1
Tuke8686
2017-08-17 20:03:01
Азамат экенсин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан