Американын Коннектикут штатынын 33 жаштагы тургуну Хуан Вега аквариум балыгын өлтүргөнү үчүн 4 айга камалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Белгилүү болгондой, окуя ушул жылдын апрель айында катталган, бирок соттун жыйынтыгы кечээ, 26-июлда дайын болгон.
АКШдагы полиция кызматынын билдирүүсүндө Вега жакын мамиледе болгон аял менен бир үйдө жашачу. Окуя катталган күнү экөө катуу уруша кетип, ачуусун кармана албаган Вега жанында турган аквариумду ыргыткан. Жыйынтыгында анын ичиндеги “петушок” деген сиам балыгы өлүп калган.
“Болуп жаткан жаңжалдын баарына аялдын 9 жаштагы баласы көз салып тургандыктан, полицияга кабарлаган. Балыктын өлүмү жаш балага катуу психикалык травма алып келген”, - деп айтылат маалыматта.
Ал эми айыпталуучу жаныбарларга ырайымсыз мамиле кылганы үчүн 120 күнгө эркинен ажыратылган.