Украинанын жарандыгынан ажыраган Грузиянын мурдагы президенти, Одесса облусунун экс-губернатору Михаил Саакашвили Украина жарандыгы үчүн күрөшүүнү чечкенин социалдык баракчалардын бирине жарыялаган видеокайрылуусунда айтты. Кайрылуусунда ал өзүн качкын макамын алууга мажбурлоо аракети болуп жатканын белгилеп, буга макул эместигин кошумчалаган.
"Менде Украинанын гана жарандыгы бар, ал жарандыгымдан ажырабашым керек. Азыр мени качкын макамын алууга мажбурлоо аракети болуп жатат, мындай болбойт. Украинага кайтуу боюнча өзүмдүн мыйзамдуу укугум үчүн күрөшөм", - деди Саакашвили.
Буга чейин Саакашвили Украинада 13 жылдан ашуун убакыт жашаганын жана 3 революцияга салым кошконун айткан.
Саакашвили 2008-2013-жылдарда Грузиянын президенти болуп туруп, кийинки президенттик үчүн жарышта утулган соң Украинага өтүп кеткен. 2015-жылдын 30-майында Петр Порошенко ага жарандык берип, ошол эле күнү Одесса облусуна губернатор кылып дайындаган. Саакашвили Грузиянын президенттиги кызматында турганда өзү чыгарган буйрукка ылайык, кош жарандуулук алууга жарандарга тыюу салган. Бул буйруктун негизинде, 2015-жылдын 4-декабрында Саакашвили Грузия жарандыгынан чыгарылган.