Өлкө аймагында 2010-жылдан бери этникалык кыргыздардын саны 39 миңге жетти. Мындай маалымат бүгүн, 27-июлда Мамлекеттик миграция кызматынын маалымат жыйынында айтылды.
"Бүгүнкү күндө өлкө аймагында 39 миңден ашуун этникалык кыргыз жашайт. 2017-жылдын 1-жарым жылдыгында 867 этникалык кыргызга кайрылман статусу тапшырылган. Ал эми 1-жарым жылдыкта 1208 этникалык кыргызга өлкөнүн жарандыгы берилген", - деп билдирди миграция кызматынын башчысы Медет Айдаралиев.
Маалыматка ылайык, 2016-жылы 4 миңдей адам өлкө жарандыгын алышкан.