Грек балыкчылары 350 килограмм салмактагы акуланы кармашты

Кечээ, 26-июлда грек балыкчылары Кефалиния аралына жакын жайгашкан Ион деңизинен 350 килограмм салмактагы акуланы кармап алышты. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, балыкчылар акуланы 500 метрлик тор менен алып чыгып, Агринион шаарындагы балык саткан дүкөндүн жанына илип коюшкан. Аз убакыттын ичинде акула менен сүрөткө түшүүнү каалагандардын саны арбыган. Ал эми акуланын эти даамдуу болорун билген тургундар килограммына 8 евро төлөп сатып алышкан.

Кызыгы сайттын колдонуучуларынын бири акуланын сүрөтүн көргөн соң, ал 1981-жылдан бери мыйзам боюнча корголуп келген 6 көңдөйлүү “Hexanchus griseus” акуласы экенин таанып, аны кармоого жана сатууга уруксат берилбей турганын жазган. Азырынча укук коргоо органдары бул тууралуу билдирүү тарата элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Abdynur
2017-07-28 01:11:03
Байшкуш Жаныбар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан