22 жаштагы кыргыз бийчиси Солто Эсенгулов Американын Калифорния штатындагы Лос-Анжелес шаарында өтүп жаткан "America's Got Talent" сынагына катышууда. Ал өнөктөшү америкалык бийчи Тайрон Скроггинс менен бирге 3 турда бийлеп, кийинки турга жолдомо алып албагандыгы тууралуу кабарды күтүп жатканын бүгүн, 27-июлда SUPER.KG порталына билдирди.
"Өнөктөшүм экөөбүз акыркы турда көрсөткөн номер калыстар тобуна, көрүүчүлөргө жакты. Калыстар тобунда продюсер Саймон Коуэлл, DJ Khaled, супермодель Хайди Клум, "Spice Girls" тобунун ырчысы Мелани Браун өңдүү белгилүү инсандар отурушту. 3-турдан өтүп-өтпөгөнүбүз кийинки жумада белгилүү болот. Төртүнчү турдан кийин финал болот, ал эми баш байге 1 миллион доллар экени айтылды. Сынакка башында дүйнөнүн 4 бурчунан келген 10 миллиондон ашуун адам катышкан. Учурда 50 номер калды", - деди ал.
Бийчи сынактын 30-майда башталганын, август айында аяктай турганын кошумчалады. Белгилей кетсек, буга чейин Солто Эсенгулов Орусиянын ТНТ телеканалынын "Танцы" шоу берүүсүнө катышкан.