Мындан 47 жыл мурун, 1970-жылы 27-июлда "Так талашуу оюну" ("Игра престолов") сериалында Жейме Ланнистердин ролун аткарып атактуулукка жеткен даниялык актёр Николай Костер-Вальдау Рудкобинг аймагында төрөлгөн. Өспүрүм курагында жеңил атлетика менен алектенип, жакшы жыйынтыктарга жетишкен. Бала чагында актёр болуу жөнүндө кыялданып, бирок ал тууралуу эч кимге айткан эмес. Актёрлук билим алып, дипломго ээ болгон соң режиссёрлордон сунуштар түшүп, ролдорду ийинине жеткире аткарган.
Актёр "Так талашуу оюнунан" сырткары "Египеттин Кудайлары" ("Боги Египта"), "Кара карчыга" ("Чёрный ястреб"), "Апа" ("Мама"), "Обливион" жана башка бир катар тасмаларда роль жараткан. Николай Костер-Вальдау 1998-жылы Нукака аттуу гренландиялык актрисага үйлөнгөн. Түгөйлөрдүн эки кызы бар.
27-июлга карата жылнаама.