Бүгүн, 27-июлда Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда улутчулдукка айыпталып жаткан Мирлан Ирсалиевдин иши боюнча сот болду. Соттук отурумдун жүрүшүндө айыпталуучу Ирсалиев жабырлануучу Егор Борисовдон кечирим сурап, ал бардык улуттун адамдарын сыйлай турганын айтты. Ошону менен бирге соттон адилет чечим чыгарууну өтүндү.
Сот Бекболсун Жунушалиев айыпталуучуну күнөөлүү деп таап, аны беш жарым жылга шарттуу эркинен ажыратты. Ошондой эле бир жыл сыноо мөөнөтү чектелди.
Айта кетсек, окуя 2016-жылдын 29-июнунда болгон. Анда жол кырсыгынан улам Бишкек шаарынын тургуну Мирлан Ирсалиев менен Егорь Борисовдун ортосунда түшүнбөстүк чыккан. Окуядан соң Борисов "Кыргызча сүйлө, болбосо Орусияга көчүп кеткиле" деди" деп Ирсалиевди сотко берген.