Бишкекте "Оймо" фестивалынын расмий ачылышы болду

Бүгүн Бишкектин борбордук аянты улуттук колоритте жасалган кооз буюмдарга толду. Шаар тургундары жүздөгөн кыргыз шырдагын бир учурда көрүү, кийизден жасалган кийимдерди алуу менен майрамдык концертке күбө болушту.

Эртең менен "Оймо" фестивалынын алкагында жарманке уюштурулган эле. Күн бою кол өнөрчүлөр көрүүчүлөргө өз өнөрлөрүн үйрөтүп жатышты. Фестивалга Борбор Азиядагы кол өнөрчүлөр бирикмесинин мүчөлөрү келишкен. 120 чебердин өз колу менен жасаган буюмдарына суктанып сатып алгандардын да саны көп болду. Маданий иш-чара аркылуу кол өнөрчүлүктү сактап калуу жана жайылтууну көздөгөн катышуучулар борбордук көчөдө майрамдык жүрүшкө чыгышты.

Кечке жуук иш-чаранын расмий ачылышы орун алып, көптөгөн көрүүчүлөрдү топтоду. Ачылыш салтанатына экс-президент Роза Отунбаева, Маданият министрлигинин, ЮНЕСКОнун өкүлдөрү катышышты.

Ачылуу аземинде катышуучуларга чебер-уздардын продукцияларынын сапатын тастыктаган сертификаттар берилди. Фестивалдын биринчи күнү Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан жана Кыргыздын дизайнерлеринин кийимдер коллекциясынын мода көргөзмөсү менен жыйынтыкталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Ayida
2017-07-27 23:13:33
Админ саламатсызбы!Ушундай жарманке болоорун алдын ала кантип билсе болот ?Бугун билгенде барып алмакмын соонун кийимдер бар экен
0
admin_superstan
2017-07-28 09:52:56
Ayida, саламатсызбы? Иш чара борбор калаада төрт күнгө созулуп, 1-августтан 6-августка чейин Чолпон-Ата шаарында уланат.
0
jazira17
2017-07-28 01:07:42
ии кандай сонун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан