Талас облусундагы жол кырсыгынан 1 жаран каза болуп, 7 адам жаракат алды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди. Кырсык 20-май күнү Талас районунун Кызыл-Туу айылында, тактап айтканда, Тараз-Талас-Суусамыр унаа жолунун 119-чакырымында болгон. Кара-Буура районунун Ак-Башат айылынын жашоочусу, 1971-жылы туулган Талип Ашыралиев Хонда Степвагон унаасы менен каршылаш багытта келе жаткан Манас районунун Май айылынын жашоочусу, 1975-жылы туулган Айтбек Карабековдун башкаруусундагы Хонда Степвагон унаасы менен сүзүшкөн. Окуя болго жерден 1958-жылы туулган А.А. аттуу жүргүнчү каза болуп, дагы 7 киши жаракат алып Талас облустук ооруканасына жеткирилди.