Монголиянын жаңы шайланган президенти Халтмаагийн Баттулга Ысык-Көлгө келүүсү мүмкүн. Бул тууралуу Монголиянын басылмалары жазып чыгышты.
Ага ылайык, 25-июнь күнү Баттулга Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Улан Жусуповду кабыл алган. Ал Монгол президентине Алмазбек Атамбаевдин анын президенттик шайлоодо утуп чыгуусу менен куттуктаган катын берген.
Мындан сырткары Халтмаагийн Баттулганы Жусупов 2017-жылдын август айында Ысык-Көлдө өтүүчү ак илбирстерди коргоо боюнча глобалдык саммитке катышууга чакырган.
Ошондой эле аталган жолугушууда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы кызматташууну жакшыртуу жана эки жакка тең атайын дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү ачуу тууралуу сүйлөшүшкөнү тууралуу айтылат.
Эске сала кетсек, ушул жылдын 7-июлунда Монголияда президенттик шайлоо өтүп, анда оппозиция өкүлү Баттулга жеңишке жеткен. Шайлангандан 1 апта өткөндөн кийин ал президент үчүн каралган резиденцияда жашоодон баш тартып, үйүнөн 400 метр алыстыкта жайгашкан жумушуна жөө барып келүүнү чечкен.