Баткенде аскер кызматкерлери сууга аккан кызды куткарып калышты

Баткен шаарында Улуттук гвардиянын кызматкерлери шар аккан каналдан (быстроток) 25 жаштагы кызды куткарып калышты. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-июль күнү Улуттук гвардиянын 707-бөлүгүнүн келишимдик негизде иштеген кызматкери Талантбек Бегали уулу үйүндө отуруп канал тараптан жардам сурап кыйкырган үндү уккан. Чуркап чыгып агып бара жаткан кызды көргөн. Ал дагы эки жолдошу менен кызды куткаруу үчүн унаа менен 3 чакырымдай жерди басып өтүп, бир нече жолу куткарууга аракет кылышкан. Аягында аскер кызматкери мүмкүнчүлүктөн пайдаланып сууга секирип түшүп кызды куткарып калган. Кийин эс-учун жоготкон кызды Баткен аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө алып келишкен.

Ал 1992-жылы төрөлгөн Жазгүл Турсуналиева аттуу Баткен шаарынын тургуну болгон.

Мындан сырткары аталган маалыматта учурда сууга аккан кыздын абалы жакшы экендиги, жандандыруу бөлүмүнөн хирургия бөлүмүнө которулгандыгы айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
aliko78
2017-07-28 09:49:58
Азаматтар. Мына кыргыздын кыраандары. Эркек деп силерди айтат. Рахмат.
+13
Batma08
2017-07-28 10:11:10
Суйунуп кеттим окуп алып
+5
RusMos76
2017-07-28 11:13:27
Баатыр наамын ушуларга берсе болот, анан жон эле баатыр наамын баркын кетирбей.
+6
Eleko
2017-07-28 11:58:53
Азаматтар
+5
ayjan_90
2017-07-28 14:11:41
Азаматтар десе громата берилиши керек
+4
tular
2017-07-29 02:16:42
Молодец!!!
0
jon.as
2017-07-29 06:50:30
Чыныгы патриот деп ушундай жигиттерди айтса болот. Азамат!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан